Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Ташиевге Нарында камчы тартуулашты


Президенттикке талапкер, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Нарында калк менен жолугушту. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, 29-сентябрда болгон жолугушуу жакшы маанайда өттү. Ага 500-600 адам катышты. Көпчүлүгү жаштар. Алар талапкердин программасы менен таанышууга жана концерт көрүүгө келишкенин айтышты. Кездешүү суроо-жооп түрүндө өтүп, Ташиев коопсуздук үчүн жансакчылары аны ар дайым коштоп жүрөөрүн, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Данияр Үсөнөвго каршы чыккандыгы үчүн кеткенин айтты. Жолугушуудан кийин Камчыбек Ташиевге нарындык Баатыр энелердин бири ак жол каалап, белекке камчы тартуулады. (ErB/RK)

XS
SM
MD
LG