Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Клинтон Сириядагы америкалык элчиге кол салынышын айыптады


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул кол салууну "кечирүүгө болбой турган иш" деп атады:

- Бул - кечирүүгө болбой турган кол салуу. Сириянын ичинде эмне болуп жатканы тууралуу маселелерди көтөргөн америкалык эле эмес, башка өлкөлөрдүн дипломаттарын, чет өлкөлүк байкоочуларды коркутуу боюнча уланып жаткан өнөктүктүн бир бөлүгү. Бул режимдин бир бөлүгүнүн жана анын жактоочуларынын сабырсыздыгын көрсөтүүдө. Ассадын режими өз элине каршы кыянатчылыкты улантып жатканы бизди терең өкүндүрөт.

АКШнын Дамасктагы элчиси Роберт Фордду кечээ ал оппозиция лидерлеринин биринин кеңсесине кирип бара жаткан кезде президент Башар Ассадын жакточулары помидор менен урушкан. Элчи ал кеңседен үч саатча чыга албай турган, президент Ассаддын жактоочулары имаратка кирүүгө аракеттенишкен.

Окуя болгон жерге Сириянын коопсуздук күчтөрү чакыртылганы менен элчи Роберт Форддун айтымында, алар бир саат ашуун кечигип келишкен. АКШ элчиси Дамасктан башка жактардагы демонстрацияларга колдоо көрсөтүп барганы үчүн Сириядагы режимдин кыжырдануусун жараткандай.

Америкалык элчиге кол салуудан бир нече күн мурда өкмөттү колдогон демонстранттар Дамаскта француз элчисин да ал жолугушуудан чыгып бара жатканда жумуртка жана таш менен урушкан.

БУУнун эсебинде Сирияда бийликтеги режимге каршы алты айга аяк баскан толкундоолор учурунда 2700дөй адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG