Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Пакистан АКШнын кысымы токтошу керектигин айтууда


Премьер-министр Юсуф Реза Гилани АКШны Пакистанды аймактык бейстабилдүүлүк үчүн айыптоону токтотууга чакырды. Ал өлкөнүн саясий лидерлеринин жыйнынында “айыптоо оюну аяктап, Пакистандын улуттук кызыкчылыктары урматталуусу” керектигин белгилөө менен буларды кошумчалады:

- Пакистан мындан көптү жасоого мажбурлана албайт. Биздин улуттук кызыкчылыктар кандай күн болбосун сакталуусу абзел. Биздин эшик сүйлөшүүлөргө ачык.

Пакистан өкмөт башчысы бул сөздөрдү Вашингтон Исламабадга согушкерлерге каршы чара көрүүсү үчүн кысым жасап жаткан учурда айтууда. АКШнын расмий өкүлдөрү ушул айдын ортосунда Кабулдагы элчиликке жана башка жайларга жасалган кол салуу үчүн Пакистандагы “Хаккани” тобун жана аларга колдоо көрсөткөнү үчүн Пакистандын аскерий чалгын мекмесин айыптаган. Вашингтон ошондой эле Исламабадды бул топтун Пакистандагы аракеттерин тыюуга үндөгөн.

Кечээ Пакистандын чалгын мекемесинин башчысы Ахмед Паша АКШнын согушкерлерге каршы Пакистан аймагында аскерий чара көрүүсү кабыл алынгыстыгын жана Пакистан армиясы жооп берүүгө жөндөмдүү экендигин айтты.

XS
SM
MD
LG