Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Ак-Талаада мугалимдер бирдей формага өтүштү


Нарындын Ак-Талаасында мугалимдер мектепке бирдей кийинип бармай болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын районуна караштуу Ак-Талаа айылындагы Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектептин физика мугалими Таалай Куталиева билдирди. Анын айтымында, мугалимдер улуттук кемсел кийип сабак өтүүнү чечишти.

"Мындан ары улуттук оймо-чийме түшүрүлгөн кемселдерди тойлордо гана эмес, дайыма мугалимдин формасы катары кийүүгө өтүп жатабыз. Негизи улуттук баалуулуктарды сактоо максатында ушул идеяны көтөрдүк", -дейт Таалай Куталиева.

Учурда Кыргызстанда окуучу кыздардын мектепке хижаб-жоолук салынып баруусу боюнча маселе кызуу талкууланууда. Мусулман уюмдарынын өкүлдөрү окуучу кыздарга жоолук салынууга мектеп директорлору тыюу салып жатат деп чыгышты. Билим берүү министрлиги болсо мындай чектөө жок экенин, бирок мектеп окуучулары бирдиктүү форма кийүүсү керектигин айткан. (ErB/RK)

XS
SM
MD
LG