Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Ассамблея шайлоодо күзөт жүргүзөт


Президенттик шайлоого карата Кыргызстан калкынын ассамблеясы жер-жерлерде күзөт жүргүзөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" ассамблеянын жетекчиси Бектемир Мурзубраимов билдирди. Анын айтымында, кандайдыр бир жаңжал чыгып кетпеши үчүн ар бир областта күнү-түнү көзөмөл уюштурулат. Ар улуттун өкүлдөрү жыш жашаган жерлерге барып түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул аракеттердин баарын ассамблеянын алдында түзүлгөн штаб жөнгө салып турат. Ассамблеянын 65 мүчөсү бар. Кыргызстанда сексенден ашуун калктын өкүлдөрү жашайт. Учурда үгүт жүрүп жатат. Шайлоо 30-октябрда болот. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG