Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Суваналиев боюнча Жогорку Сот чечим кабыл алды


Жогорку Сот талапкер Өмүрбек Суваналиевге байланыштуу БШКнын каршы арызын канааттандырган жок. Буга чейин Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкер Өмүрбек Суваналиев боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган чечим кабыл алган. Буга макул болбогон БШК жетекчилиги биринчи инстанциядагы сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.

Тараптардын жүйөлөрүн уккан соң Жогорку Сот судьясы Айжамал Ажибраимова Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул чечим акыркы деп эсептелинерин Жогорку Соттун басма сөз кызматынан Бактыбек Рысалиев билдирди. БШК 22-сентябрда талапкер Суваналиевге эртелей үгүт жүргүзүүдө деп эскертүү берген эле. (ЕК)

XS
SM
MD
LG