Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

БШК соттон түшүндүрмө берүүнү өтүндү


Боршайком бүгүн Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, президенттикке талапкерлерге карата чыгарган өкүмдөрүнө түшүндүрмө берүүнү өтүндү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ырасташынча, шайлоого байланыштуу сотко арызданган ар бир талапкерге ар башка чечим чыгаргандыктан БШК үчүн талапкерлерди каттоо кыйынчылыкка турууда.

Акбаралы Айтикеевден башка талапкерлерди “катталсын” деген сот чечими болбогондуктан аларды каттоо юридикалык жактан туура, же туура эмес болуусу түшүнбөстүктү жаратууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын басма сөз кызматынан Кылычбек Досумбетов билдирди. Анын айтымында, сот чечимдеринин шайлоо эрежелерине төп келбеген учурлары бар. (ЕК)

XS
SM
MD
LG