Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

АКШдагы кыргыздардын футболдук таймашы өтөт


Таймаш бүгүн Огайо штатында алты футболдук команданын катышуусунда болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШдагы “Кыргыз салам” кыргызстандыктардын диаспорасынын мүчөсү Алтынбек Ахматов билдирди.

Анын айтымында, Чикаго, Филадельфия, Нью-Йорк, Огайодогу кыргыздардын футбол командалары биринчилик үчүн мөрөй талашат. Футболдук таймаштан кийин атайын жыйын уюштурулуп, анда Кыргызстандагы күн деминдеги маселелер талкууга коюлат.

Иш-чарага "Азаттык плюс" сыналгы берүүсүнүн тобу да катышып, бул тууралуу үналгы жана сыналгы берүүлөрүн сунуштайт. (ЕК)

XS
SM
MD
LG