Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Талапкерлер үчүн мамлекеттик тил сынагы жыйынтыкталды


Президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берген Акбаралы Айтикеев, Токтайым Үмөталиева, Уланбек Cооданбеков, Калыбек Арабаев жана Нариман Түлеев бүгүн тил сынагынан ийгиликтүү өттү. Мамлекеттик тил комисссиясы Аскарбек Абышев “кыргыз тилин билбейт” деген чечим чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Сынак эрежеси боюнча президент болгусу келгендер үч тапшырма аткарат: жарым саат ичи шайлоо программасын кыргыз тилинде жазып, андан соң ал тууралуу оозеки айтып берет жана көркөм окуу боюнча тескөөдөн өтөт.

Президент болууну каалаган бул адамдарды алгач БШК жарыштан четтеткен эле. Бирок аларга байланыштуу БШК токтомун сот жокко чыгарган соң, тил комиссиясы сынак алуу мөөнөтү бүткөнүнө карабай кайра чогулду.

БШК 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого буга чейин 20 адамды талапкер катары каттаган. (ЕК)

XS
SM
MD
LG