Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Данияда майлуу азык түлүккө салык жогорулатылды


Бүгүн 2-октябрдан тарта дүйнөдө биринчи жолу Данияда “май салыгы” күчүнө кирди. Ага ылайык, май, торт сыяктуу таттуу даамдыктар, пицца сыяктуу майлуу азык түлүктөрдүн баасы жогорулады. Дания өкмөтү жаңы салык адамдардын ден соолукка пайдалуу тамак-аш менен азыктануусуна өбөлгө түзөт деген үмүттө.

“Май салыгы” киргизилер алдында даниялыктар баасы жогорулачу азык-түлүктөрдү жабыла сатып алып жатышты. Ишкерлер жаңы иш-чара баа саясатында башаламандык жаратарын айтышууда.

France Press агенттигинин кабарлашынча, Европа Биримдиги Даниянын “май салыгы” рынок шарындагы атаандаштыктын эрежесине каршы келбесин иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG