Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Ошто өзбек мектептерин кыргызча окутуу сунушталууда


Ош шаарындагы өзбек мектептериндеги окуучуларды кыргыз тилинде окутуу демилгесин шаар мэри Мелис Мырзакматов көтөрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өзбек мектептерин бүтүргөн окуучулар Кыргызстандын башка аймактарына барып иштегенде же жогорку окуу жайларга өткөндө кыргыз тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан кыргызча билим берүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Мындан тышкары Ош шаар мэри Өзбекстанда билим берүү латын арибине жүргүзүлгөндүктөн Оштогу өзбек мектептеринде айрым сабактардын латын ариби менен өтүлүшүнө шарт түзүүнү сунуштоодо. Бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн Ош шаардык билим берүү тармагы менен Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги атайын план иштеп чыгууга тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG