Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Камалган милиция тарапкерлери Бишкек-Ош жолун тосушту


Бишкек-Ош автожолунун Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы көпүрөсү ушул тапта тосулуп турат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, ал жерде Орусиялык жарандын өлүмүнө шектүү деп камакка алынган төрт милиция кызматкеринин тарапкерлери митинг өткөрүп жатышат. Төрт жүздөй адам чогулган. Көпүрөнүн эки тарабынан тең жүздөгөн унаа топтолуп турат.

9-августта Базар-Коргондо Орусия жараны Усманжан Холмирзаевдин сабалып, набыт болушу боюнча иликтөө аяктап, 4 милиционерге карата кылмыш иши козголгон. Учурда алар Чүйдүн Сокулук районунда тергөө абагында жатышат. 7-августта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Усманжан Холмирзаевди июнь коогалаңы боюнча суракка алып келишкен. Сурактан Холмирзаев үйүнө кечки сегиздер чамасында келип, милиция кызматкерлери аны ур-токмокко алганын айткан. Эртеси күнү ал ооруканага жеткирилип, 9-августта каза тапкан. Соттук медициналык-экспертизанын жыйынтыгында каза болгон адамдын көкүрөк тушундагы сөөктөр сынганы, денесине оор залакат келгени аныкталган. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG