Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Медицина боюнча Нобел сыйлыгы иммунологиядагы жетишкендик үчүн берилди


Быйыл дээрлик 1,5 миллион долларлык сыйлыкты үч башка окумуштуу бөлүп алмай болушту. Алар: америкалык Брюс Бойтлер, люксембургдук Жюль Хоффман жана канадалык Ральф Штайнман. Адатта, жыл сайын эле Нобел сыйлыктарынын жумалыгы дал ушул медицинадагы жетишкендик үчүн сыйлык менен ачылып жүрөт. Анын артынан ушул аптада химия, физика, адабият боюнча да сыйлыктар берилет. Жума күнү Нобелдин Тынчтык сыйлыгы тапшырылмакчы.

XS
SM
MD
LG