Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Беларуста полиция “энелердин митингин” таркатты


Энелердин митинги, 3-октябрь, 2011
Энелердин митинги, 3-октябрь, 2011
Түрмөдө отургандардын энелери (20 чакты аял) бүгүн Минск шаарындагы “Эркиндик” аянтында митинг өткөргөнгө аракет кылышты. Бирок, “Азаттыктын” беларус редакциясы кабарлагандай, аларды полиция таркаткан. Митингчилер “Алдамчылар соттолсун!”, “Президенттик администрация - Беларустагы мыйзамсыздыктын коргоочусу!” деген өңдүү плакаттарды кармап турушту. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, полиция алты кишини кармады. Митингдин уюштуруучусу Тамара Сяргей бул жерге келгендер “перзенттери мыйзамсыз камалышканын” айтып, алардын иштери кайра каралышын талап кылышууда. Анын айтымында, энелер бир ай бою күн сайын аянтка чогула турган болушту.

XS
SM
MD
LG