Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Дин менен шайлоонун кандай байланышы бар?


Муфтиат шайлоо өнөктүгү учурунда мечит, медреселерде үгүт жүргүзүүгө тыюу салды.
Муфтиат шайлоо өнөктүгү учурунда мечит, медреселерде үгүт жүргүзүүгө тыюу салды.

“Арай көз чарай” талкуусунда бул жолу дин жана шайлоо, диндин шайлоодогу ролу туурасында маселе козголду.

Талкууга профессор, саясат таануучу Аалыбек Акунов, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Чубак ажы Жалилов, Ош шаарындагы “Укук жана демократия” борборунун директору Идирис Кубатбеков катышты.


Диний фактор шайлоого таасирин тийгизбей койбойт


“Азаттык”: Эксперттердин баамында, мурдагы шайлоолордо арак, акча чоң роль ойносо, азыр дин чоң роль ойнойт деп айтып атышат. Анткени өз талаптары менен диндин өтө активдешкени байкалып атат. Буга кандай көз караштасыз, Чубак ажы?
Кайсы бир талапкерге добушун бергенде анын кайсы динге ишенгенине, же ишенбегенине карайбы? Диндин таасири ушул жагынан гана болушу мүмкүн.
Аалыбек Акунов


Чубак ажы Жалилов: Өтө чоң болбосо дагы, бирок диний фактор сөзсүз түрдө таасирин тийгизет деген пикирдемин. Азыркы учурда мамлекеттик идеология, же мурдагыдай адамдардын аң-сезимин тарбиялоо маселеси четте калып калгандыктан, адамдар ушул өңүттө динге баш бурууга аргасыз болуп тургандыктан, көпчүлүк адамдар динди карманып турушат. Ошондуктан бул мааниге ээ болот деп ойлойм.

“Азаттык”: Бул шайлоодо диндин ролу кандай болушу мүмкүн, Аалыбек мырза?

Аалыбек Акунов: Саясат таануу илиминде шайлоо менен диндин мейкиндиктери эки башка. Шайлоо саясат мейкиндигинде жатат. Динге ишенүү, же ишенбөө ар бир адамдын рухий жан дүйнөсүнө байланыштуу. Ал эми шайлоодо тиги, же бул талапкерге добушун бергенде анын кайсы динге ишенгенине, же ишенбегенине карайбы? Диндин таасири ушул жагынан гана болушу мүмкүн. Азыр элдин бийликке болгон ишеними жок. Эл ишеними жок жашай албайт. Азыр элдер динге, Куранга ишенип, ал жактан адилеттүүлүктү издеп атат.

“Азаттык”: Азыр шайлоо баштала элек, бирок илеби билинип калды. Ош, Жалал-Абадда диний кызматкерлер шайлоого кандайдыр бир таасир этүү үчүн иштеп атат деген сөздөр айтылып атат. Ушундай өңүттөрдү байкай алдыңызбы?

Идирис Кубатбеков: Байкоо иштерин эми гана баштагандыктан, конкреттүү далилдер жок диний кызматкерлер аралашып жаткандыгы боюнча. Буга чейинки шайлоо тажрыйбасынан карап көрө турган болсок, албетте диндин ролу өтө чоң болгон. Айрыкча орозо мезгилдеринде шайлоо болуп калган учурларда ооз ачырууда чай берүүлөрдү саясий максатта пайдаланып жиберген учурлар болуп келе жатат. Ал эми бул жолку шайлоо да диндин ролу өтө чоң болот деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күндө ислам дининин кыргыз коомчулугунда кадыр-баркы өсүп, адамдардын рухий керектөөсүн азыктандырган дин болуп атат. Ошондуктан дин кызматкерлери эмес, өзүнүн электораты жок талапкерлер шайлоочулардын добушун алууда динди пайдаланып жибериши мүмкүн.


Мечит-медреселерде үгүт жасаганга тыюу салынды
Диний ишмерлер мечитте, же медреседе кайсы бир талапкерди колдоп сүйлөгөнгө укугу жок...
Чубак ажы


“Азаттык”: Кыргызстан кандай болгон күндө да чоң саясий процессти башынан өткөргөнү турат. Партиялар өз лидерлерин сүрөмөлөсө, жер-жерлерде көпчулүк жердешчилик, мамилелешке карап добуш беришин мурдагы шайлоолор көрсөттү. Ал эми мындан диниятчылар да четте калбаса керек. Чубак ажы, ушул шайлоо темасы диний кызматкерлер арасында чоң, же тар чөйрөдө талкууланыбы? Кандай талапкерлерге артыкчылык бересиздер?

Чубак ажы Жалилов: Бул боюнча албетте сөз болот. Биз бул коомдо жашап турабыз, андан ажырап кете албайбыз. Биз эки токтом кабыл алдык. Биринчиси, диний ишмерлер өздөрүнүн мечитинде, же медресесинде туруп кайсы бир талапкерди колдоп сүйлөгөнгө укугу жок. Ошол адамдар шайлоого катыша турган болсо, алар диний кызматынан четтетилет. Экинчиси, 2012-жылдын 1-мартына чейин эч кандай диний жыйналыштар өткөрүлбөйт.

“Азаттык”: Айрым талапкерлер кайсы бир мечитти пайдалануусу мүмкүн да?

Чубак ажы Жалилов: Мечиттин ичинде микрофонду пайдаланып шайлоо боюнча үгүт айтууга болбойт. Бирок ошол эле учурда шайлоонун өзү туурасында биз атайын акцияны өткөрөбүз. Себеби мурда диний түшүнүктүн негизинде шайлоого катышууга барганга шариат тыюу салат деген түшүнүк камтылып келген болсо, азыркы учурда ар бир мусулман шайлоого барууга милдеттүү. Себеби ал добушун жакшы адамга бербесе, анда жаман адам өтүп кетүүсү ыктымал. Өзүңүздүн кабыргаңыз менен кеңешип, исламиатка, коомго жакшыраак деп тапкан болсоңуз ошол адамга гана добуш берүүгө милдеттүүсүз деген эки түшүнүктү жалпы мусулмандарга жеткирүүнү мойнубуздагы парз деп түшүнөбүз.

“Азаттык”: Азыр аттуу-баштуу чиновниктер албетте намазга жыгылып, кудайдан корккону жакшыдыр, бирок шайлоо алдында бул көбүрөөк байкалып, диний коомчулуктун көңүлүн бурдуруу болуп атат деп эксперттер да айтып атышат. Сиздин пикириңиз кандай, Аалыбек мырза.


Молдолор талапкерлерге багыт жана бата гана берет


Аалыбек Акунов: Динди шайлоого, же саясатка жабыштыра берүүнүн кереги жок. Балким кимдир бирөө үчүн кырдаалды курчутуп, ошондон упай топтоюн деген ою бардыр. Азыр биздин талапкерлердин ичинде башка диндин өкүлү деле жок. Диндин жолу өзүнчө. Саясаттын, шайлоонун жолу өзүнчө. Кыргызстанда бүгүнкү күндө дин шайлоого аралашып тиги, же бул талапкерди жеңишке жеткирет деген шарт жок деп ойлойм.
Биз келген саясатчыларга багыт, анан бата берип жөнөтөбүз. Сизди колдойбуз, же ресурстарыбызды колдонобуз деп айткандан Кудай астында жоопкерчиликти сезип турабыз...
Чубак ажы


"Азаттык": Былтыр мисалы парламенттик шайлоо маалында айрым депутаттар парламентке “намазкана ачабыз” деп диний коомчулукка убада берген экен деген сөздөр айтылып жүрөт. Кийин Жогорку Кеңеште намазкана ачылганда бир топ талкууну да жараткан. Бул ирет кандай убадалар болушу мүмкүн?

Чубак ажы Жалилов: 20 жылдын ичинде Кыргызстанда диний маданияттан бир канча алдыга жылдык ошол эле Өзбекстанга, Тажикстанга караганда. Кыргыз ислам дүйнөсүндө бир канча жаңылануу бар. Мисалы быйыл орозо айтты айга карап белгилегенибиз. Кээ бир адам динге ишенем десе эле ага добуш берип коёт деген болбогон куру кеп. Адамдын жакшы, жаман экенин анын сөзүнө эмес, ишине карап баалашыбыз керек.

Жогорку Кеңеште намазкана ачылды, мунун мен жакшы жагын гана көрөм. Бул жерден бөйрөктөн шыйрак чыгаргандын кереги жок. Бизге кээ бир партиялардын өкүлдөрү келип кайрылышат, биз аларга багыт, анан бата берип жөнөтөбүз. Сизди колдойбуз, же ресурстарыбызды колдонобуз деп айткандан Кудай астында жоопкерчиликти сезип турабыз. Мен жеке көз карашым менен кайсы бир талапкерди тандоодо балким адашып калуу ыктымалым бар болушу мүмкүн. Талапкерлерге коюла турган критерийлерди элдерге түшүндүрүп беришибиз мүмкүн, мисалы адилеттүү болуш керек, ууру-кески болбош керек деген сөздөрдү. Калганы бардыгы ар бир адамдын өзүнө жекече ташталат.
Коомчулукка, жалпы шайлоочуларга дин менен саясаттын эки бөлөк экендигин жана ислам дини саясий күрөштүн, шайлоо жараянынын куралы катары пайдаланып кетпесин түшүндүрүшүбүз керек.
Идирис Кубатбеков


"Азаттык": Аалыбек мырза, Кыргызстан светик өлкө, негизи ушундай мамлекеттик мекемелерде намазканалардын ачылышын колдойсузбу?

Аалыбек Акунов: Мен буга каршы эмесмин. Аны светтик өлкө дегенге каршы коюнун кажети жок. Адамдын тиги, же бул динге ишенүүсү ал ар бир адамдын өзүнүн укугу. Албетте бир өлкөдөгү адамдардын көпчүлүгү бир динге баш ийсе ал ынтымактын фактору. Чубак ажы деле өзүнүн талапкерлигин президенттикке коюшу мүмкүн эле, толук Конституциялык укугу бар. Эгерде бул киши койсо эле бүт динге ишенгендердин баары ушуга добуш берет, же аял талапкерлигин койсо аялдардын баары ошого добушун берет, же жаш койсо жаштар берет деп бүтүм чыгаруу туура эмес.

"Азаттык": Динге ишенгенине карап эле шайлаган туурабы?

Аалыбек Акунов: Бул критерийлердин бирөө. Мен динге ишенбеген адам менен динге ишенген адамдын кимисине добуш бересиң десе, башкаларынын баары тең салмактуу болуп турса анда динге ишенген адамга добушумду бермекмин.

"Азаттык": Көп учурда ар кандай кырдаалдарда динге жамынып, ар кандай иштерге барып атат деген сөздөр көп айтылат. Эми ушундай сөздөр болбошу үчүн кантип эриш-аркак байланышып иштеш керек деп ойлойсуз?

Идирис Кубатбеков: Дин мамлекеттен бөлүнгөндүктөн, шайлоо кодексинде мечиттерде, медреселерде, намаздар мезгилинде үгүт иштерин жүргүзүүгө, же үгүт баракчаларын таркатууга тыюу салынат. Ошондуктан биз коомчулукка, жалпы мусулман калкына, жалпы шайлоочуларга дин менен саясаттын эки бөлөк экендигин жана биздин таза ислам дини саясий күрөштүн, шайлоо жараянынын куралы катары пайдаланып кетпесин түшүндүрүшүбүз керек. Жөнөкөй адамдар динди шайлоодо пайдаланат деп айтыш мүмкүн эмес.

Бирок ошол эле мезгилде радикалдык топтор, же диний агымдар кайсы бир талапкерге жардам берүү максатында, электораттын өзгөчөлүгүнө карап динди пайдаланып жибериши мүмкүн. Ошондуктан биздин Улуттук коопсуздук кызматы, БШКнын үгүттөрдү көзөмөлдөө тобу, муфтиат менен биргеликте ММКлар аркылуу шайлоо боюнча элге туура маалымат берип, элге туура жеткирүү менен ушуну алдын алалабыз.

"Азаттык": Сиздерге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG