Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Шайлоо алдында күч түзүмдөрүнүн оперативдүү штабы түзүлөт


Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен кечээки жумушчу жыйынында билдирди. Анын айтымында, оперативдүү штаб шайлоого чейинки жана шайлоо бүткөндөн кийинки коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күч түзүмдөрүнүн аракетин координациялайт. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да маалымат берип, үгүт иштери учурунда кайсы бир талапкерди атайын каралоо аракеттери байкалып жатканын, айрым маалымат каражаттары аркылуу такталбаган маалыматтар кетип жатканын белгиледи. Жыйында оперативдүү штабдын качан түзүлөрү айтылган жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG