Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Орусияда кыргыз соодагерлерин тоногон кыргыздар көбөйдү


Орусияда кыргызстандык мекендештерин тоноп-сабаган жана тапкан каражатын тартып алган кылмыштуу топтор көбөйүп жатат. Бул тууралуу орусиялык эмгек мигранттары коңгуроо кагып, "Азаттыкка" айтып беришти. Алардын айтымында, бул өкүмзордукту токтотуу үчүн мамлекет чечкиндүү чараларды көрбөсө, ишкерлер ишин токтотууга аргасыз болууда. Кыргызстандын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жакында эле мигранттарды тоногон кылмыштуу топтордун мүчөлөрү Москвада кармалган. Кыргызстандык мигранттардын көбү Орусияда, анын ичинен Москвада эмгектенишет. Соңку сегиз айдын ичинде алар мекенине 980 миллион доллар которушкан. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG