Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Лондон олимпиадасына Кыргызстан жолдомо ала элек


Кыргызстандын бир да спортчусу келерки жылы Лондондо өтө турган олимпиадага азырынча жолдомо ала элек. Бирок ага өтүш үчүн алдыда дагы үч эл аралык турнир бар экенин "Азаттыкка" Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов билдирди. "Ошолордо биздин балдар кыргыз элин жер каратпай, намыска жарап беришет, олимпиадага жолдомо алабыз деп ишенем", - деди Саралинов.

Жакында Стамбулда өткөн чемпионатта күрөш боюнча кыргызстандык балбандардын баары утулуп калышкан. Күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаев кыргыз спортчуларынын даярдыгы жакшы эле болгонун, бирок күрөштүн азыркы эрежеси бир аз башкачараак болуп калганын утулуштун негизги себеби катары атады.

2012-жылдын 27-июлунан 12-августуна чейин Лондондо отузунчу жайкы олимпиада оюндары өтөт. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG