Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Депутаттар окуу китептери кантип басылаарын териштиришет


Жогорку Кеңештин билим берүү багытындагы комитети кыргыз тилиндеги окуу китептер кантип басылып чыгаарын текшерүү үчүн атайын жумушчу топ түздү. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 4-октябрда депутаттар Билим берүү жана илим министрлигинин китеп чыгаруу багытындагы маалыматы менен таанышкан. Айрым эл өкүлдөрү окуу китептерин басып чыгаруу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуулар көп экенин белгилешти. Ошондой эле паракорчулук аракеттер болуп жатканын билдиргендер болду. Мындан улам курамына үч депутат жана көз каранды эмес эксперттер кирген жумушчу топ мектеп үчүн китеп чыгаруунун жол-жобосун иликтеп чыгышмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG