Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

БШК талапкерлердин шайлоо фонду боюнча маалымат берди


БШК президенттикке талапкерлердин шайлоо фонддоруна түшүп, алардын үгүт иштерине чыгымдалып жаткан каражаттар туурасында маалымат жарыялады.

1-октябрга карата талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо фондуна 24 миллион 400 миң сом түшүп, анын он алты миллиондон ашууну үгүт иштерине чыгымдалган. Талапкер Адахан Мадумаровдун эсебине 19 миллион сомдон ашуун акча каражаты топтолуп, чыгымдалгандан калганы эки миллион 367 миң 677 сомду түздү.

Калган талапкерлердин шайлоо фонддору 80 миң сомдон тогуз жарым миллион сомго чейин жетип, каражаттарынын көбү үгүт иштерине сарпталган.

Мыйзамга ылайык, шайлоо фондуна юридикалык жактар беш жүз миң сомго, жеке адамдар беш миңге жана талапкердин жеке өзү бир жарым миллион сомго чейин гана каражат которууга акылуу. Ар бир талапкердин шайлоо фонду жалпысынан элүү миллион сомдон ашпоого тийиш. Шайлоо 30-октябрда болот. 19 талапкер учурда үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG