Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Химия боюнча Нобел сыйлыгы израилдик аалымга ыйгарылды


Израилдик окумуштуу Дэниэл Шехтман квазикристаллдарды ачкандыгы үчүн химия боюнча Нобел сыйлыгынын быйылкы лауреаты болуп аталды. Нобель комитетинин өкүлү Ларс Теландер бул ачылыш илимдин бир катар тармактарына салым кошконун белгиледи.

Буга чейин медицина жана физика боюнча сыйлыктар ыйгарылган. Эртең - адабият, жума күнү болсо тынчтык сыйлыгынын ээлери белгилүү болмокчу. Цивилизациянын өнүгүшүнө салым үчүн берилип келаткан сыйлык 1901-жылы швециялык химик Алфред Нобел тарабынан негизделген.

XS
SM
MD
LG