Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Экстремисттик уюмдарда аялдардын саны өсүүдөбү?


Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун аялдар канатынын активдүүлүгү күчөп жатканы кабарланууда.

Учурда бул уюмдун эки аял мүчөсү камакта отурганын Ички иштер министрлиги маалымдады.

Байкоочулар дагы барган сайын аялдардын экстремисттик аракеттерге тартылышы арбып баратканын белгилешүүдө.

Колго түшүрүлгөн аялдар тобу

Ички иштер министрлигинин диний экстремизм менен күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Таалай Акбаевдин маалымдашынча, кыз-келиндер эркектер менен катар эле “Хизб ут-Тахрир” уюмуна жаңы мүчөлөрдү тартууда активдүү аракеттенип жатат.
Мисалы, бир үй-бүлөдөн бир адам тартылса, башка үй-бүлө мүчөлөрү кааласа, каалабаса да алардын иш-аракетине катышып калат. Мындай көрүнүштөр абдан көп.

- Аялдар эркектер менен бирге эле экстремисттик иштерге активдүү аралашып, атайын топторду түзүп келатышат. Мисалы, 2011-жылдын апрель айындагы иликтөө-иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында “Хизб ут-Тахрир” уюмунун аялдар канаты белгилүү болгон. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, бул топ көптөн бери катарына жаңы аялдарды тартып, аларды окутуу менен алектенип келген.

Бул топтогу аялдардын экөө камалып, дагы экөө сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен койо берилген. Таалай Акбаев жалпы экстремисттик уюмдардын катарында кыз-келиндер 8 пайызды түзөрүн, экстремисттик-радикал уюмдардын көпчүлүгү түштүк облустарда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Адабияттар аялдардын колу менен таратылууда

Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбаналы Узаков кыз-келиндердин “Хизб ут-Тахрир” уюмуна кирип кетип жатканын тастыктап, алардын бутасына үйдө бош отурган аялдар туш болуп жатканын айтууда.

- Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында, айрыкча тажик улутундагы аялдардын арасында көбөйүп баратканы байкалат. Ал эми Ош облусунун Кара-Суу шаарында өзбек улутундагылардын арасында мүчө болгон аялдар көбөйүп жатат.

Уран Ботобеков
Саясат таануучу Уран Ботобековдун пикиринде, өткөн жылы Кыргызстанда орун алган окуялардан соң, “Хизб ут-Тахрир” уюму активдүүлүгүн күчөттү. Буга бир жагынан өлкөдөгү тынч эмес кырдаал ыңгайлуу шарт жаратып жатса, экинчиден, жалпы бийликтеги жемкорлук да түрткү болууда.

Ботобеков экстремисттик адабияттар акыркы кездери аялдардын колу менен таратылып жаткандыгын белгиледи.

- Мисалы, бир үй-бүлөдөн бир адам тартылса, башка үй-бүлө мүчөлөрү кааласа, каалабаса да алардын иш-аракетине катышып калат. Мындай көрүнүштөр абдан көп. Мурда деле аялдардын активдүүлүгү бар болчу. Бирок акыркы кездери таркатылып жаткан китептер, адабияттар аялдардын колуна өтүп, ошолор аркылуу тарап жаткан фактылар абдан көп.

Дин иштери боюнча комиссиянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбаналы Узаков бул жараянды токтотпосо, келечеги чоң кесепеттерге алып келерин эскертүүдө. Ал мурдагы кездери муфтияттын аймактардагы өкүлчүлүктөрүндө болуп келген аялдар менен иштөө бөлүмдөрүн калыбына келтирүүнү сунуштап жатат.

- Аялдар менен иштеп, аларды таза динге, салттык исламга, анын жакшы жактарына багыттоо ишин Кыргызстан муслмандар дин башкармалыгы колго алса жакшы болот эле. Мурда муфтияттын жергиликтүү өкүлчүлүктөрүндө аялдар менен иштеген бөлүмдөр болгон экен, азыр алар жок. Мусулман аялдар менен иштеген эч ким жок.

Диндар аялдардын коомдогу орду

Анткен менен Мусулмандар дин башкармалыгынын орун басары Замир Ракиев экстремисттик уюмдарга аялдар көп кирип жатат дегенге анча кошулбайт. Бирок ага кабылгандарга үгүт иштери таасир этип жатса керек деп эсептейт.

- Кандайдыр бир багыт болсо керек. Алардын да өздөрүнүн үгүт иштери болсо керек негизинен. Бирок экстремисттик уюмдарга аябай эле кирип кетип жатат деп айтуудан алыспыз.

Муфтийдин орун басары Замир Ракиев диндар аялдардын коомдогу орду боюнча буларды билдирди.

- Мамлекетте, коомдо болуп жаткан окуяларга өзүнүн жарандык көз карашын билдире алат. Бирок аялзаты алдыга чыгып, ушундай оюндарды уюштуруусу дурус эмес.

Тартип коргоо уюмдарынын маалымдашынча, “Хизб ут-Тахрир” саясий максатты көздөгөн, Орто Азияда ислам халифатын курууга умтулган диний уюм.

Кыргызстандын Жогорку Соту бул уюмдун ишмердүүлүгүнө 2003-жылы расмий тыюу салган. Байкоочулар диний-экстремисттик уюмдарга жарандардын көп өтүп жатышын мамлекеттик идеология жана өлкөдөгү бирдиктүү дин саясатынын жоктугуна байлап жатышат.
XS
SM
MD
LG