Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Египет саясатчылары президенттик шайлоону тездетүүнү талап кылды


Өлкөнүн президенттигине ат салышууга камынган 6 саясатчы шайлоону келээрки жылдын апрел айына жылдырууну талап кылышты. Алардын арасында Араб өлкөлөрү лигасынын мурдакы катчысы Амр Муса да бар.
Азырынча Египетте президенттик шайлоонун мөөнөтү белгилене элек. Бирок өлкөнүн жогорку аскердик кеңеши парламенттик шайлоо өтүп, эмки жылдын соңунан эрте эмес ишке ашчу Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынгандан соң гана президенттик шайлоо өтөөрүн айтууда. Парламенттик шайлоо ушул жылдын 28-ноябрында өтөт.

Өлкөдө мурдагы президент Хосни Мубарактын бийлиги февралда кулатылгандан кийин аскердик бийлик жарым жылга чейин гана бийликти башкарарын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG