Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Павлюктун өлүмү боюнча соттун өкүмү 11-октябрда чыгат


Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча соттун өкүмү 11-октябрда Алматы шаарынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондук сотунда угузулат. Бул тууралуу "Азаттыкка" судья Ахметкали Мулдагалиевдин кабылдамасынан кабарлашты.

Казак полициясы журналист Геннадий Павлюкту кылмышкерлер буту-колун байлап, Алматынын турак үйлөрүнүн биринен 6-кабаттан ыргытып жиберишкен деп билдирген. Алматыга ал 2009-жылдын 16-декабрында барган. Журналисттин жакындары анын өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышта экенин айтып чыгышкан. Бирок тергөө саясый буюртманын болгонун четке какты. Соттолуп жаткандар үч адам - казакстандык Алмаз Игиликов менен Шалкар Уразалин жана кыргызстандык жаран Алдаяр Исманкулов. (RK)

XS
SM
MD
LG