Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Обаманын айыптоосуна Пакистан сенатору жооп берди


АКШ президентинин Пакистан бийликтерин согушчандар менен байланышы Исламабад-Вашингтон мамилесине зыян кылат деген сөзү Ооганстанда тынчтык орнотуу аракетин аксатып, антиамерикалык маанайга май тамызат. Мындай билдирүүнү Пакистан Сенатынын тышкы иштер комитетинин төрагасы Салим Сайфулла жасады. Анын "Ройтерс" агенттигине айтышынча, эгер Ак үй кысымын токтотпосо, Пакистан өкмөтү согушчандаргы каршы согушту токтуп коюшу ыктымал.

Обама 6-октябрдагы сөзүндө Пакистандын коопсуздук кызматтарын Ооганстандагы “шектүү элементтер” менен байланышат деп күнөөлөп, Исламабад өз ара мамилени ойлосо, АКШнын тынчсыздануусун эске алышы абзел деген болчу.

XS
SM
MD
LG