Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Күчү аз алкоголду ташып келүүгө тыюу салынды


Күчү аз алкоголдук ичимдиктерди сырттан ташып келүүгө уруксат берүү убактылуу токтотулду. Өкмөттүн бул талабы саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын бүтүмү чыкканча сакталат.

Мындай чечим аракечтикке берилип бараткан өспүрүмдөрдүн ата-энелеринен түшкөн көптөгөн арыз-даттануулардан улам кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Расмий маалымат боюнча, анча күчтүү эмес алкогол ичимдиктерин пайдалангандардын орточо курагы 12-16 жаш. Мисалы "Ягуар" деп аталган ичимдикти бир күндө алар 2-3 банкадан, ал эми түнкү оюн-зооктор учурунда 8-10 банкадан ичишет. (RK)

XS
SM
MD
LG