Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Ош шаарынын жаңы туусу жана гимни кабыл алынды


Ош шаарынын жаңы туусу жана гимни кабыл алынды. Бул тууралуу "Азаттыктын" Ош облусу боюнча кабарчысы Эрнис Нурматов кабарлайт. Шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, туунун автору Адил Сабиров желектин үстүнкү бөлүгүн көк (асман) түс менен берген. Туунун экинчи жарымында эң негизги, басымдуу элемент катары Сулайман тоонун элеси ак түс менен көркөм чагылдырылган. Ошондой эле туунун оң жагында кызыл-күрөң түстөгү боз үйдүн элесин берген түндүк тартылган. Ал эми жаңы кабыл алынган гимндин сөзү Карбалас Бакировго, обону Апаз Жайнаковго таандык. Шаар күнүнө карата сунушталган гимн менен туу боюнча документтерди шаардык кеңеш бекитти. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG