Германиядагы "Вия-Киргизия" долбоорунун координатору Гүлайым Бекбагышова Улуу Жибек жолундагы кыргыз жана башка элдердин дасторконуна коюлуучу тамак-аштардын түрлөрүн жасоонун ыкмаларын көрсөттү.
Рaвенсбург шаарындагы Элдик университетте жекшемби күнү өткөн курстун мезгилинде Кыргызстандын тарыхы, каада-салттары тууралуу да маалымат берилгендигин уюштуруучу мындайча билдирди:
– Беш саат ичинде эки топ менен иштеп, боорсок, самса, палоо, лагман жасадык. Андан тышкары чакан боз үйлөрдүн, кыргызча кийим кийген куурчактардын көргөзмөсү болуп, мен биздин өлкөдө тамакка кандай суусукдук, ичимдиктер коюлаарын, кандай элдер жашап, салттары кандай экенин айтып бердим.