Ички иштер министрлигинин билдиришинче, ушул жылдын тогуз айында өлкөдө 23,5 миңден ашуун кылмыш катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 11,1 пайызга аз. Оор кылмыштар да былтыркыга салыштырмалуу азайган.
Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйында ички иштер министри Зарылбек Рысалиев баяндама жасап, аткарылып жаткан иштер боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берген болчу. Соңунда парламент ИИМдин ишин жетишсиз деген токтом кабыл алган. (EBM)