Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Бурятиянын мурдакы ИИМ башчысы үй камагына бошотулду


Аткезчилик боюнча күнөөлөнүп, 2009-жылдын октябрында камакка алынган Бурятиянын мурдакы ички иштер министри Виктор Сюсюраны убактылуу камроочу жайда алып туруу мөөнөтү аяктагандыктан үй камагына бошотулду. Бирок ага карта козголгон кылмыш иши жабылган жок.

Тергөө амалдары 2004-жылда Сюсюра Азово-Черномордун ички иштер башкармалыгын жетектеп турган учурда чет өлкөдөн Орусияга бажы төлөмдөрүн төлөбөй товар киргизип турган жана кылмыштуу топтордун тоскоолдуктарысыз ишмердүүлүгүн жандандырышына шарт түзгөн деп айыптаган. Сюсюра болсо бул айыптарды моюнга албай келет.

XS
SM
MD
LG