Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Наймандыктар шайлоого катышпай коебуз дешти


Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен Найман айылынын
тургундары бүгүн облустук бийликке келишти. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Ырысбай Абдраимов маалымдайт. Анын айтымында, Найманда 20 жылдан бери жол оңдолбогонуна жана таза суунун жоктугуна нааразы болгон эл жолго асфальт төшөлбөсө, 320 түтүндөн турган 800 шайлоочусу бар айыл президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдиришти. Аларды кабыл алган облустук бийликтин өкүлү буга дейре мындай талап бир да жолу коюлбаганын айтты. Нааразы болуп келгендерге губернатордун наамына кайрылуу жазуу керектиги айтылды. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG