Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Түптө өрт коопсуздук кызматы шайлоо участогун жабышы мүмкүн


Өрт коопсуздугу боюнча талаптар аткарылбай жаткандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айрым шайлоо участоктору жабылып калышы мүмкүн.

Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Мария Колесниковага Түп районунун өрт коопсуздугу боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы Талант Молдосанов билдирди. Анын айтымында, шайлоо участокторунда өрт коопсуздугуна айыл өкмөттөр тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат.

“Район боюнча 39 шайлоо участогунун ичинен 50 пайызы гана даяр десек болот. Биз бардыгын текшерип чыктык. Өрт коопсуздугу такталарында өрт өчүргүч буюмдар жок. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эми шайлоого дейре толугу менен камсыз болбосо, ошол шайлоо участокторун жабууга толук укугубуз бар”, - деди Талант Молдосанов.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда болот. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG