Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Бишкекте кыргыз калпагынын көргөзмөсү өтөт


Көргөзмө бүгүн Бишкекте Тарых музейинде ачылат. “Муундан-муунга” долбоорунун өкүлү Элзат Ормонбекованын билдиришинче, анда калпактын 80ден ашык түрү коюлмакчы.

Аталган долбоордун өкүлдөрү кыргыздын илгерки баш кийимдери тууралуу маалымат топтоп, иликтеп, сакталып калган эски калпактарды чогултушкан. Ормонбекованын айтымында, кыргыздар калпакты алгач бала 12ге толгондо мүчөл жашында кийгизишкен жана анын кыры жашыл түстө болгон. 24кө чыкканда көк кырлуу калпак кийген. Бул көргөзмө эки айга созулат. (EBM)

XS
SM
MD
LG