Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Мектептерде элдештирүү кызматтары иштей баштайт


Кыргызстандын мектептеринде элдештирүү кызматтарын ачуу боюнча долбоор ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу "Балдардын укуктарын коргоо лигасынан" кабарлашты. Алгач андай кызматтар тажрыйба түрүндө төрт мектепте - Ошто, Бишкекте, Жалал-Абаддын Базар-Коргон айылында жана Ысык-Көлдүн Түп айылында ачылат. Максат - мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукту, зомбулукту азайтуу. Элдештирүүчүлөр болуп атайын даярдыктан өткөн жогорку класттардын окуучулары, мектептин кызматкерлери, балдардын укуктарын коргоо жаатында иштеген уюмдардын өкүлдөрү боло алышат. Окуучулар арасында "салык салуу", коркутуп-үркүтүү, мушташ сыяктуу проблема учурдагы коомдук негизги көйгөйлөрдүн бири болуп жатканы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG