Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Темир тор артындагы жашоону баяндаган фотокөргөзмө ачылды


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын абактарындагы жашоону чагылдырган фотокөргөзмө ачылды. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, ага белгилүү италиялык сүрөт журналисти Алессандро Скоттинин, кыргыз сүрөт журналисттери Алимжан Жоробаев жана Максим Шубовичтин эмгектери коюлган. Алар абактарды кыдырып чыгышкан. Жалпысынан 158 сүрөт коюлду. Кийин өзүнчө альбом болуп чыгарылат.

Көргөзмө менен чогуу абактагылар жасаган буюмдардын жарманкеси да өтүп жатат. Иш-чаранын уюштуруучулары - Европа Биримдиги, БУУнун баңги жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы жана Кыргызстандын Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы. Көгөзмө менен жарманке Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүүдө. Бир жума бою ачык болот.

Кыргызстандын 32 тергөө абагында жана түрмөлөрүндө 10 309 адам бар. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG