Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Ырчылар да үгүттөн куру калган жок


АКШда талапкерлер ырчыга акча төлөбөйт. Сүрөттө колумбиялык белгилүү ырчы Шакира.
АКШда талапкерлер ырчыга акча төлөбөйт. Сүрөттө колумбиялык белгилүү ырчы Шакира.

Президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан ырчылардын гонорары 20-30 миң долларды түзүүдө. Ырчылардын чөнтөгү толуп жатса, талапкердин даңкы артабы? Ырчыларга коротулган мынча каражат ысырап эмеспи?

Ырчы Эрлан Андашев быйыл бир эле талапкер менен иштешпей, Бишкекте кайсы талапкер үгүт иштерин өткөрүп чакырса, ошол жакка барып ырдап койот. Бир концертте аткарган 2 ыры үчүн 300 доллар алат.

Бир эле Эрлан эмес, шайлоо жакындап калганда бардык ырчылар жаңы ырларды жаздырып, даярдана башташат. Анткени шайлоо алар үчүн көп акча табуунун булагы.
Ушунча көп акчаны ырчыларга чачкандан көрө жетимдер үйүнө, карылар үйүнө садага катары беришпейби.

Былтыркы парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине Кыргызстандагы дээрлик бардык ырчылар катышкан. “Алардын былтыркы акылары алды 10-15 миң доллар болсо, быйыл бул баалар дагы өстү” дейт ырчылар менен иштешкен продюсер Назгүл Насиева:

- Быйыл ырчыларга төлөнгөн акынын алды 50-60 миң долларды чапчыды. Бирок былтыр бардык ырчылар үгүт иштерине катышса, быйыл талапкерлерден сунуш аз түшүүдө.

Насиева өткөн жылы ырчыларды иштетип, бирок эмгек акысын бербей, ыйлаткан да партиялар болгонун кошумчалады.

Ырчылардын баркын билишти

Ал эми акылардын өсүшүнүн себептерин жаш ырчылар менен иштешкен продюсер Айбек Акматов атай кетти:

- Биринчиден, шайлоо күз мезгилине туш келди. Бул мезгилде ырчылар талапкерлерди ээрчип аймактарды кыдырбай эле, шаарда той-топурлардан эле ошол акчаны таап алышат. Экинчиден, былтыркы парламенттик шайлоодо ырчылар элди кантип чогултарын талапкерлер байкашты. Ырчылар да бул нерсени сезип, бааларын көтөрүштү. Анткени ырчылар – элди чогулта турган күч. Эл кээде талапкерди билбесе да ошол жерде өтө турган концертке кызыгып чогулушу мүмкүн. Мына ушул себептерден ырчылардын үгүт иштериндеги акылары өсүүдө.

Талапкер менен келишим түзгөн ырчы үгүт иштерине башынан аягына чейин катышып, жалпысынан 40 концертте ырдаш керек. Төлөнө турган акча ырчынын рейтингине жараша сүйлөшүлөт. Бул тууралуу партиялардын биринин PR компаниясы менен алектенген “Скайлайн” рекламалык агенттигинин директору Эдил Кылычбеков:
Быйыл ырчыларга төлөнгөн акынын алды 50-60 миң долларды чапчыды.

- Ар бир партиянын, же болбосо талапкердин маркетинг жана PR бөлүмдөрү бар. Алар алдын ала кайсы ырчы кандай аудиторияга жарайт деп бөлүштүрүп, тандап алышат. Мисалы, айылдарда популярдуу ырчылар шаарга жарабашы мүмкүн, же тескерсинче шаардык ырчыларды айылдык аудитория кабыл албай калат. Андан тышкары албетте каражат жагын да карашат.

Бирок ырчыларга ушунчалык көп каражат сарпталганын айрымдар туура көрбөйт. Алардын бири – президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бөлтүрүков:

- Бул жөн гана ысырапкерчилик. Ушунча көп акчаны ырчыларга чачкандан көрө жетимдер үйүнө, карылар үйүнө садага катары беришпейби. Бул жерде шайтандын оюну аралашып кетүүдө. Талапкерлер арам акчаны арам нерсеге жумшап атышат.

Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө деле ырчылар шайлоо алдында талапкерлерди коштоп акча таап алышат. АКШда талапкерлер ырчыга акча төлөбөйт. Тескерисинче ырчы көнүлүнө жаккан талапкердин урматына концерт өткөрүп, түшкөн каражатты талапкердин шайлоо фондуна которуп берет.

XS
SM
MD
LG