Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Оор атлетчи Шариповдун дарылануусуна акча бөлүндү


Жогорку Кеңештин атынан кыргызстандык белгилүү спортчу, оор атлетчи Митал Шариповго бүгүн 100 миң сомдук акчалай жардам тапшырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" спортчунун жубайы Асель Убукеева билдирди. Акчаны парламенттин аппарат башчысы Раатбек Эшмамбетов тапшырды.

Шарипов ички органдарынан оор дартка чалдыкканынан бир нече айдан бери дарыланып жатат. Бир эле дарысынын баасы 18 миң сом. Жер тамда жашагандыктан үй ичине даараткана салып берүү көйгөйү чечилбей келет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков “Азаттыктын” интернет-эрөөлүнө келип, окурмандардын суроолоруна жооп бергенде, көлдүк спорт күйөрманы Нурбек Карыбаев оор атлетчи Митал Шарипов эки ирээт операция болуп, жардамга муктаж экендигин айткан. Келдибеков оор атлетика федерациясынын президенти болгондуктан жардам берүүгө убада кылган.

Спорттун эмгек сиңирген чебери, 39 жаштагы Митал Шарипов Азиянын эки жолку чемпиону. Дүйнөлүк Намдью кубогунун эки жолку жеңүүчүсү. 1994-жылы Хиросимадагы 12-Азия оюндарында коло медаль, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Жети жолу жылдын мыкты спортчусу аталган. Кийинки учурда оор атлетика боюнча Кыргызстандын жаштар командасынын башкы машыктыруучу болуп иштеп жүргөн. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG