Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:54

Иранде үч киши даргага асылды


Ирандын «Ирна» маалымат агенттиги эки киши маңзат саткандыгы жана бир киши зордуктоо, адам уурдаган деген кине менен мындай жогорку жазага тартылганын маалымдады.

Эки кишиге өкүм өлкөнүн түштүгүндөгү Сари шаарында, ал эми 25 жаштагы эркектин өкүмү Марвшдат шаарында аткарылган.

Бул жылы Иранда 226 кишиге жазанын жогорку түрү чегерилген. Human Rights Watch уюумнун маалыматында өткөн жылы Иранда 388 киши өлүм жазасына буюртулган. Өлүм жазасын чегерүү боюнча Ирандан кийинки ордунда Кытай турат.

XS
SM
MD
LG