Бүгүн (17-октябрда) Бишкекте безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планын ишке ашыруунун абалы талкууланат. Бул план 2006-жылы өкмөт тарабынан бекитилген. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2002-жылы безгек менен 2744 адам ооруса, 2010-жылы алардын саны болгону 3кө түшкөн. Мындай ийгиликке Саламатыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдуу фонд, ЮСАИД жана башка өнөктөштөрдүн колдоосунда жеткен.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, соңку жылдары Кыргызстанда безгекке каршы 200 миң короо инфекциялык көзөмөлдөн өтүп, жарандарга чиркейлерге каршы 100 миң чатырча таратылган. 3 миң медициналык кызматкер безгекке каршы чара көрүү окууларынан өткөн. (КЕ)