Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Апрель-июнь окуялары боюнча парламент токтомунун аткарылышы каралат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин жыйынында 2010-жылдын апрель-июнь окуялары боюнча парламент кабыл алган токтомдун аткарылышы тууралуу маалымат угулат. ЖК басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында башкы прокурор Аида Салянова, вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат беришет.

ЖК ушул жылдын 9-июнунда 2010-жылдын апрель-июнь окуяларына алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө, аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө укуктук баа берүү жагы Баш прокуратурага тапшырылган. Депутаттар чекара аймактарын бекемдөө максатында бир катар мамлекеттик бийлик органдарын, министрликтерди Ош облусуна көчүрүү маселесин, мамлекет жана өкмөт башчыларына кадрларды тандоодо тең салмактуулукту сактоону, кадрлар мамлекеттик тилди билүүсүн белгилешкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG