Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Байболовдун шайлоо баннерлери уурдалганы айтылууда


Президенттикке талапкер Кубатбек Байболовдун Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы шайлоо баннерлерин кимдир бирөөлөр уурдап кетишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Байболовдун шайлоо штабынан маалымдашты. 14-октябрдан 15-октябрга караган түнү аталган эки шаарда илинип турган жеринен төрт баннер жоголгон. Жергиликтүү милиция "уурулук" деген берене боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатат. Нарында да Байболовдун эки жарнамалык баннери жоголгону кабарланды. Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, "ар бир мындай факт каттоого алынып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө". (RK)

XS
SM
MD
LG