Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Араб лигасы Сирияны диалогго чакырды


Өлкөдөгү кыянатчылыктарды токтотуунун жолун табуу үчүн Араб лигасы Сирия өкмөтү менен оппозициячыл топторду бир үстөлгө олтургузууну көздөөдө. Мындай билдирүү Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Каирдеги чукул жыйынынан кийин жасалды. Жыйында макулдашылгандай, Сирия өкмөтү менен оппозициясы ортосунда диалогду даярдоо үчүн атайын комитет түзүлөт.

Улуттар уюмунун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталгандан бери коопсуздук күчтөрүнүн колунан 3000дей адамдын өмүрү кыйылды, алардын кеминде 187си жаш балдар.

Каирдеги жыйындын алдында Сирия саясий толкундоолорду күч менен басууну күчөткөнүнө байланыштуу Араб лигасынан четтетилди деген маалыматтар пайда болду эле. Бирок Араб Лигасынын башчысы Наби ал-Араби бул кабарды четке какты.

Сириянын Араб лигасындагы элчиси Юссуф Ахмед араб министрлеринин Каирдеги жыйынынын убактысы “таң калыштуу жана шектүү” болгонун белгиледи.

XS
SM
MD
LG