Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Талапкерлердин арыздарынын негизинде алты кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Рахматилло Ахмедов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, үгүт иштери башталгандан тартып президенттикке талапкерлердин жарнамалык баннерлеринин уурдалышы, өрттөлүшү боюнча 15 арыз түшкөн. Алардын ичинен жетөө “бейбаштык”, “бөтөн мүлккө атайылап зыян келтирүү” фактысы боюнча төрт, “уурулук” боюнча эки учур катталган. Дагы экөө табигый кырсыктан улам зыян тарткан. Ахмедов 15 арыздын алтоосуна кылмыш иши козголуп, тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов үгүт учурунда мыйзам бузуулар боюнча арыздар аларга да түшүп жатканын билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG