Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Апрель окуясы боюнча соттун бүгүнкү отуруму болбой калды


Апрель окуясы боюнча судьянын чечимдерине карата апелляциялык арызга байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум болгон жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Соттолуучулардын адвокаттары судьяны чакыртып алуу жана соттолуучу Данияр Дунгановго соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү өтүнүшкөн. Судья Дамир Оңолбеков эки өтүнүчтү тең четке каккан болчу. Апелляциялык арызды Аскер Соту карап жатат. 2010-жылдын 7-апрелинде Өкмөт үйүнүн алдында токсонго жакын адамдын курман болгондугу боюнча 28 адам соттолуп жатат. Алардын алтоо эл аралык издөөдө. Издөө салынгандардын арасында мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары бар. (RK)

XS
SM
MD
LG