Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Азербайжанда 8 активист ачкачылык жарыялады


Азербайжанда “саясий туткундарга” эркиндикти талап кылган 8 активист ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыктын” азери редакциясы кабарлады. Төрт оппозициялык активист мындан мурдараак (14-октябрда) акцияны баштагандарга кечээ кошулушкан. Алгач ачкачылыкты камалгандардын туугандары башташкан. Бирок алардын ден соолугу начарлап кеткендиктен алардын орду башкалар менен алмаштырылды.

Бул күндөрү оппозициялык “Мусават” партиясынын Бакудагы баш кеңсесинде ачкачылык акциясынын катышуучулары дубалга “Саясий туткундарга эркиндик!” деген өңдүү жазууларды илип коюшкан. Апрелдеги демонстрацияга катышканы үчүн Азербайжанда 14 адам соттолуп, көпчүлүгү түрмөгө отургузулду.

XS
SM
MD
LG