Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Күрт согушчандары Түркиянын 26 аскерин жок кылды


Түркиянын түштүк-чыгышында күрт козголоңчуларынын кол салуусунан кеминде 26 түрк аскери жана полициячы курман болду. Жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашынча, бүгүн таңга жуук Иракка чектеш Хаккари провинциясында Күрт жумушчу партиясынын согушчандары аскерий бекеттерге чабуул койгондо дагы 16 аскер жараат алган.

Бул күрт согушчандарынын акыркы бир нече жылдагы эң кандуу чабуулу болду. Түркиянын аскерий учактары согушчандарды кууп, Түндүк Иракка кирип барганы кабарланууда.

Аскерий калабадан улам премьер-министр Эрдоган Казакстанга болчу сапарын кийинге жылдырды. Күрт жикчилери Түркияга каршы 1984-жылдан тарта күнкорсуздук үчүн согушууда. Андан берки кагылыштарды 40 миңден ашуун адамдын каны төгүлдү. Күрт жумушчу партиясын Кошмо Штаттар менен Евробиримдик террорчу уюм деп тааныган.

XS
SM
MD
LG