Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Мамырова: Ала-Буканын милиция башчысы барымтага алынган


Жалал-Абаддын Ала-Бука райондук милициясынын башчысы барымтага алынып койо берилген. "Азаттыктын" кабарчысы Кубанычбек Жолдошевдин маалымдашынча, бул тууралуу бүгүн парламентте Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова билдирди:

"Софед-Булан айылында киши өлтүрүү боюнча эки өзбек жаранын камап койсо, митингге чыгышыптыр. Митингди токтотойун деп РОВДнын начальниги барса, аны барымтага алышыптыр. Акыры, кармалган бир баланы алып барып, милициянын начальнигине алмаштырып келиптир. Айылдын эли "биз жеңдик" деп кыйкырып кириптир. Буга биз өз убагында көңүл бурбасак, мына бу Ош окуясы да Ала-Букадан башталган", - деди депутат.

Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев "Азаттыкка" билдиришинче, райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Асылбек Бийчиевдин барымтага алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт:

"14-октябрда Софед-Буланда мастар бир кишини атып өлтүрүшкөн. Кылмыш иши козголуп, үчөө кармалган. Экөөнүн күнөөсү далилденбегендиктен, койо берилген. Үчүнчүсү учурда убактылуу кармоочу жайда жатат. Милициянын башчысы митингге чыккан эл менен жолугушканда алар аны барымтага алмак түгүл кылмышты ачып берүүсүн өтүнүшкөн", - деди Сусунбаев. (RK)

XS
SM
MD
LG