Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Четтеги 40 миңдей кыргызстандык шайлоого катышуу ниетин билдиришти


Шайлоочулар тизмесине кирүү үчүн арыз берген чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын саны 40 миңге жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдында түзүлгөн аймакык шайлоо комиссиясынын төрагасы Сактан Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулар тизмесин тактоо үчүн арыздарды кабыл алуу учурунда чет мамлекеттерде жашаган 36 миң 123 адам арыз берген. Дагы 2 200 кыргызстандыктын арызы каралууда.

Сактан Кыдыралиев 23 өлкөдөгү 29 шайлоо бекети шайлоочуларды кабыл алууга даяр. Азыркы мыйзамдар боюнча, добуш берүү чет мамлекеттердеги Кыргызстандын элчиликтеринде жана консулдуктарында гана жүргүзүлөт. Добуш берүү укугуна тизмеге расмий кирген шайлоочулар гана катыша алышат.

Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. Талапкерлердин саны 19 адам. Алардын арасында премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон өкмөт башчысы жана белгилүү оппозициялык саясатчылар да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG