Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Ошто спартакиаданын айрым жеңүүчүлөрүнө миң доллардан сыйлык берилди


Бүгүн Оштун мэри Мелис Мырзакматов жакында болуп өткөн республикалык спартакиадада оор таймаштарда эң мыкты көрсөткүчтөргө жетише алган спортчуларга миң доллардан сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу кабарчыбыз Мухамедали Токтакунов билдирет. Анын айтымында, сыйлыктарды тапшыруу салтанатында республикалык 6-спартакиада улут аралык ынтымакты чыңдоого арналган акция болгону белгиленди. 4-10-октябрда Ошто өткөн спартакиадага Кыргызстандын ар бир облусунан келген балбандар катышышкан. 191 спортчу спорттун 17 түрү боюнча таймашкан. Биринчи орунду Бишкек, экинчи орунду Ош, үчүнчүнү Чүй облусу ээлеген. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG