Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Кыргыз-казак парламентарийлери Бишкекте чек ара маселесин талкуулашууда


Ушу тапта Бишкекте кыргыз-казач чек арасындагы маселелер боюнча жыйын өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков, Казакстан Мажилисинини төрага орун басары Жанибек Карибжанов жана эки өлкөнүн депутаттары, чек ара кызматтарынын жетекчилери катышып жатышат.

Казакстандык расмий делегация Бишкекке парламенттер аралык комиссиянын экинчи жыйынына катышууга келген. Жыйын күндүн биринчи жарымында өттү.

Кыргызстандан Казакстанга өтөм деген кыргыз жарандары казак чек арачылары тарабынан уруп-согууга, кемсинтүүгө дуушар болуп жатканы коомчулук арасында да, депутаттар тарабынан да айтылып келатат. Өзгөчө Казакстанга өстүргөн мөмө жемишин, товарын алып барып сатам дегендерге оор болууда. Жакында Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков "Ак-Жол" бекетине барып, кырдаал менен жеринен таанышып келген. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG